Кыргызстандык альпинист Кадыр Нурмаматов Антарктидадагы эң бийик Винсон чокусун багындырды. Бул тууралуу «Жети чоку клубунун» сайтында айтылат.
Анда айтылгандай, Кадыр Нурмаматов Винсон чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык болду. Экспедициянын курамында Индия, Болгария, Кыргызстан, Беларусь жана Россиянын альпинисттери болгон.