Балбак Түлөбаев: УКМК, ИИМ жана Башкы прокурордун бизнести текшерүүгө укугун таптакыр алып салуу керек

УКМКнын, ИИМдин жана Башкы прокурордун жеке ишкерлерди текшерүүгө укугу барбы? Мындай суроону бүгүн, 21-декабрда депутата Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбековага салды.

Айнура Үсөнбекова алардын түздөн-түз текшерүүгө укугу жок экенин билдирди.

Депутат Түлөбаев коопсуздук органдарынын бизнести текшерүүгө укугун таптакыр алып салуу керектигин билдирди. Ал белгилегендей кылмыш козголсо гана текшерүү керек.

“Ал эми кайсы бир ишкана же болбосо жөнөкөй мончо экологияга зыян келтирип жатса текшерүүчүлөргө ар дайым текшерүүгө укугу берилиш керек. Мисалы, азыр Бишкектеги мончолорду ким текшере алат?”, – деген суроону берди депутат.

Айнура Үсөнбекова экология министринин алдындагы инспекция текшере алат, деп жооп берди.

“Ал силерден уруксат гана алып текшерет. Уруксат алгычакты бир-эки күн өтүп кетет. Ошондуктан бул мыйзамдын негизинде, эгер экологияга зыян келтирип жатса дароо же күтүлбөгөн жерден текшерүүгө уруксат бериши керек”, – деди депутат.

Бүгүн парламентте ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.