Дүйнө чемпиону болгон Месси алгачкы билдирүүсүн жарыялады

Лионель Месси 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында жеңишке жеткенден кийин эмоционалдуу кайрылуусун жарыялады. Ал соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, өзүнүн кубанычы менен бөлүшкөн.

«Дүйнө чемпиондору! Мен муну көп жолу кыялдандым. Мен муну ушунчалык каалагандыктан, дагы деле ишене албай турам. Үй-бүлөмө чоң рахмат. Мени колдогондордун баарына. Ошондой эле бизге ишенгендердин бардыгына. Аргентиналыктар чогуу күрөшкөндө алар каалаган нерсеге жете аларын биз дагы бир жолу көрсөттүк. Бул бардык аргентиналыктардын кыялы болгон кыял үчүн күрөшкөндөрдүн бардыгынын күчү. Биз жасадык!» – деп жазды Месси.

Аргентина курама командасы турнирдин финалдык беттешинде Франция курамасын (3:3, пенальти боюнча 4:2) утуп алды.

messsii Дүйнө чемпиону болгон Месси алгачкы билдирүүсүн жарыялады