Эмдиги жылы күн электр станциясын куруу иштери башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгына тийиштүү билдирди.
Анын айтымында, президенттин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында 9 келишимге кол коюлган.
«Энергетика министрлиги менен «Masdar» компаниясынын ортосунда 1 гигаваттка келишим түзүлдү. Келерки жылы күн электр станциясын куруу иштери башталат. Алгачкы 200 мегаваттка инвестиция болжол менен 180 млн АКШ долларын түзөт. Президенттин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында 9 келишимге кол коюлуп, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында тиешелүү документтер каралды. Министрлер Кабинети экономиканын өсүү темпин сактап калуу үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу, маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантуусу керек», — деди Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы «AD Ports Group» менен макулдашуунун алкагында кыргыз тарапка KEZAD (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жер бөлүнгөнүн кошумчалады.
«Эми биз дүйнө мамлекеттери менен соода кыла алабыз, биринчи кадам ташталды. Бириккен Араб Эмираттарынын порттору аркылуу биз бүткүл дүйнө менен соода кыла алабыз. Экономика министрлиги Бендер-Аббас порту боюнча маселени иштеп чыгууну жыйынтыктоосу керек. Ошондо бизде эки порт болот. Бендер-Аббас портун пайдалануу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран транспорт коридору бизге океанга, 2 миллиарддан ашык адам жашаган рынокко чыгууга мүмкүндүк берет. Алдыга коюлган пландарды ишке ашырууга күч-аракеттер көрүлүшү керек», — деди Акылбек Жапаров