
Кыргызстанда баардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн режимине өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
“Азыр мага Саламаттык сактоо министрлигинен кат келди. Жугуштуу оорулардын көрсөткүчү жогорку чекке жеткендиктен 24-декабрга чейин өлкө боюнча бардык мектептерди онлайн режиминде билим берүүгө өткөрүп жатабыз”, — дейт ал.