“Мурас” достук турниринин финалында биринчи орунду «Спорттук федерациялар» командасы алды

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин финалдык оюндары өтүп, биринчи орунду «Спорттук федерациялар», экинчи орунду «Президенттин командасы» жана коло байгени «Коопсуздук» командасы алды.

«Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өткөн турнирге жалпы 16 команда катышты.

Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган «Мурас” достук турнири жылына эки жолу: кышында жана жазында өткөрүлүп турат.