Улуттук банк эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди

Кыргызстандын Улуттук банкы эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, ушул жылдын 12-декабрынан тартып спорт жаатындагы маанилүү окуяларды жана жетишкендиктерди белгилөө үчүн, ошондой эле жаштарды олимпиадага катышууга үндөө, дене тарбия менен спортту даңазалоо максатында «Спорт» сериясындагы «Азия оюндары» күмүш коллекциялык монетасын, ошондой эле, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген, республиканын флорасынын сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактап калуу жана даңазалоо максатында «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Кашкар бөрү карагаты» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

img.551x0 is Улуттук банк эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди
коллекциялык эки монета