Баткенде жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Баткенде облустук, шаардык, райондук деңгээлдеги маданий оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

Мэриянын маалыматына караганда, мындай чектөө 2023-жылдын 31-декабрына чейин болот.

“Мындай чектөөлөр Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууларга байланыштуу болду. 14-16-17-сентябрь күндөрү Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан шейит кеткен 63 аскерибиздин, 200гө жакын жарадар болгон жарандарыбыздын жана үй-жайсыз калган замандаштарыбыздын абалы, шаар тугундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгы эске алынган”,- деп билдиришити мэриядан.

Чектөө киргизилген майрамдар:

  1. Балаты майрамы;
  2. Нооруз майрамы (элдик сейилдөө менен чектелсин)
  3. Кесиптик күндөрдө маданий оюн-зоок уюштурууга;
  4. 8-март аялдардын Эл аралык тилектештиги күнү;
  5. Акыркы коңгуроо салтанаттары;
  6. 1-июнь Балдардын эл аралык күнү;
  7. 9-май Улуу жеңиш майрамы;
  8. 31-август Эгемендүүлүк күнү.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.