Алессандро Сафина концерт берүүдөн баш тартты

Бишкекте, бүгүн, 8-декабрда италиялык белгилүү ырчы Алессандро Сафина ырдайт болчу.

Тилекке каршы, ал сахнага чыгып келген коноктордон жана күйөрмандардан кечирим сурап, бир эле ыр ырдап берип, кетип калды.

Ырчы уюштуруучулар ага төлөп бербегени үчүн ырдоодон баш тартканын айтты.

Билеттин баасы жогору болгондуктан, концертке келгендер арыз жазышмакчы болду.

Алдыңкы орундардагы билеттин баасы 13 000 сомду чапчыган.

WhatsApp Image 2022 12 08 at 19.59.19 Алессандро Сафина концерт берүүдөн баш тартты
IMG 20221208 WA0043 Алессандро Сафина концерт берүүдөн баш тартты