ЖАКтын жетекчисинин орун басары кримтөбөл Дөө-Чыңгыздын өлүмү боюнча комментарий берди

Бүгүн, 6-декабрда Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков журналисттерге маалымат берип, Дөө каймана аты бар кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлдү.

“Ооба, бул кылмыш болгонун мойнубузга алабыз. Учурда ЖАКтын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Мындай фактылар кайталанбашы үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз деп айта алам. Бул өзгөчө кырдаал”, – деди ал.

Эске салсак, 30-июлда Чыңгыз Жумагулов СИЗО-1де өлтүрүлгөн.