Садыр Жапаров 54 жашта: Коомчулукка жарыяланбаган сүрөттөр

Башынан көптөгөн оор мезгилдерди өткөрүп, түрмөдөн такка отурган Кыргызстандын 6-президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда өздүк майрамын белгилеп жатат. Өлкө башчы 54 жашка толду.

Баарына белгилүү болгондой Садыр Жапаров бир жылдары жашоонун оор мезгилдерин өткөргөн. Ал эмес өз жанын кыйганга да барган. Камакта отурганда апасын, атасын жана он гүлүнүн бири ачыла элек баласын да жоготкон.

Bulak.kg редакциясы президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевге байланышып, өлкө башчысы бул күндү кантип өткөрөрүн сурады.

“Бүгүн президентибиз Садыр Жапаровго катардагы эле иш күнү. Бир нече чет элдик лидерлер менен телефондук сүйлөшүүлөр жана бир катар жумушчу жолугушуулар пландаштырылган. Кечинде салттуу түрдө өлкө башчы туулган күнүн өз үй-бүлөсү менен тосот”, – деди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Президентти Казакстан, Орусия, Кытай, Белорусия жана Өзбекстандын өлкө башчылары куттуктап, эки тараптуу стратегиялык мамилелердин өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Вulak.kg редакциясы ажонун басып өткөн жолу жана кеңири тарай элек сүрөттөрү менен окурмандарды тааныштырат.

Мектепте Садыр Жапаров класста староста, активист жана футболду мыкты ойногон окуучу болгон

Ал 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.

 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын генералдык директору. 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган. Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайлаган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган.  Ал эми болочок президент 2006-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, юрист адистигине ээ болгон.

1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн.

2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2013-жылы «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселесин көтөргөн.

Кийин ал чет өлкөгө  чыгып кетип, 2017-жылы Кыргызстанга кайтары менен камалган.

Ал Ысык-Көлдүн губернаторун барымтага алды деген кине менен 10 жылга кесилген.

Абакта жатканда Жапаров атасы, апасы жана уулунан айрылган.

Атасы Нуркожо-ата – эмгекчил, адегенде чабан, андан кийин колхоздун багын карап эмгектенчү. Ал эми апасы Кадича көп жылдар бою сакмалчы болуп иштеген

Жапаровду абактан чыгаруу талабы айтылган митингдер өтүп, айрымдары милиция тарабынан күч менен таратылган.

2020-жылдагы октябрь окуясында Садыр Жапаров абактан чыккан.

Түрмөдөн чыккан Жапаров алгач өлкөнүн өкмөт башчысы, андан соң президент болуп шайланды.

Садыр Жапаров президент болгондогу эки жыл аралыгында Баш мыйзам өзгөрүп, президенттик башкаруу орун алды. “Кумтөр” Кыргызстанга кайтарылды. “Кустуризациянын” арты менен бир топ чиновниктерге иш козголду. Мындан тышкары активист, саясатчы, журналисттер камалды.

Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 2007-жылы 22-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет. 2009-жылы мамлекет алдында сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган.

2010-жылы Орусиялык Ооганстан ардагерлер Союзунун атынан (Ооганстан ардагерлер Союзунун Орусия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485чи чечиминин негизинде) “Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. 2010-жылы 7-апрель революциясынан көп өтпөй Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык жаңжалда Садыр Жапаров өзүнүн жакын санаалаштары менен бирдикте башаламандыкты токтотуп, тынчтыкты орнотушат. 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет.

2012-жылы депутат катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачуу менен катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чыгат. Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылат. 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 295-статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок, 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат. 2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча митингге чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат.

Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген. Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн (Эмилбек Каптагаевди) барымтага алган” – деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жалаң жаштардан турган топ саат 02:30да ак үйдү басып алышат. Ошол эле учурда көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1чи колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалат. 2020-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка, анын ичинде Мамлекеттик Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошулуусуна буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.

Жеке жашоосу

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Бул армиядагы тартылган сүрөт.
Президент көп бир тууган. Анын он бир тууганы бар, ал балдардын төртүнчүсү

2021-жылдын 28-январынан тартып — Кыргыз Республикасынын президенти.