Садыр Жапаров туулган күнүн кантип өткөрөт?

Бүгүн, 6-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров 54 жашка толду. Bulak.kg редакциясы президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевге байланышып, өлкө башчысы бул күндү кантип өткөрөрүн сурады.

“Бүгүн президентибиз Садыр Жапаровго катардагы эле иш күнү. Бир нече чет элдик лидерлер менен телефондук сүйлөшүүлөр жана бир катар жумушчу жолугушуулар пландаштырылган. Кечинде салттуу түрдө өлкө башчы туулган күнүн өз үй-бүлөсү менен тосот”, – деди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Президентти Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын өлкө башчылары куттуктап, эки тараптуу стратегиялык мамилелердин өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.