Опузалап акча талап кылгандар колго түштү

Опузалап акча талап кылууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү Октябрь райондук милициясына К.С. аттуу жаран кайрылып, Э. жана М. аттуу жарандар жарым жылдан бери коркутуу жолу менен 6 миң доллар опузалап келе жатканын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Акча каражаттарын алып жаткан жеринен 31 жаштагы Н.М. жана 33 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алардын, мындан мурда болгон, каракчылык жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.