Ошто жерди мыйзамсыз берген мэрия кызматкерлерине иш козголду

Ош шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүдө, Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери 2021-жылы Ж.С. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, 29 млн 559,6 миң сомдук жер тилкесин көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган. Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан мэриянын кызмат адамдарына карата Кылмыш кодексинин 337-беренесине («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») ылайык кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, прокуратуранын талабынын негизинде аталган жер тилкеси Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылган.