“Көңүл борборунда каталар”: УТРКнын 90 жылдыгына арналган иш чаранын баннериндеги каталар талкууда

Улуттук телерадио корпорациясы өзүнүн токсон жылдыгын белгилеп жатат. Бул иш-чараны УТРК медиа-форум уюштурду. Социалдык тармактарды колдонуучулар иш-чаранын баннеринде жайгаштырылган текстте көп сандаган каталарды байкашкан.

Сөздөрдө жана алардын аягында каталар бар.

Эске салсак бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 90 жылдыгына арналган “Ааламдашуу шартындагы медиа” Эл аралык форуму өтүп жатат.

Иш чарага Эл аралык жана Кыргызстандын медиа өкүлдөрү, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбектан, Беларусия, Иран ж.б. мамлекеттердин элчилик өкүлдөрү, ММК жетекчилери жана журналисттери, ошондой эле БиБиСи, ТРТ, “Хабар” өңдүү ири медиа корпорациялардын жетекчилери, редакторлору, жергиликтүү ММК өкүлдөрү, чет элдик жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлардын ректорлору, тиешелүү факультеттердин декандары, окумуштуулар, медиа серепчилер, тележурналисттер катышууда.

Форумдун катышуучулары жаңы медианын салтуу ММКга тийгизип жаткан таасирлери, анын алкагындагы актуалдуу маселелер, телекөрсөтүүнүн көрүмдүүлүгүн жана радионун угумдуулугун арттыруу ыкмалары, заманбап журналисттерди даярдоодо билим берүү системасынын алкагында талкуу жүргүзөт.