Интернет аркылуу радикалдашууну алдын алуу боюнча маселе талкууланды

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарында “Зомбулуктуу экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча бүтүндөй стратегиялык коммуникация” программасынын  “Глобалдык медиаборбор” долбоорунун алкагында “Ойлон. Сак бол!”  медиакампиясынын бет ачары болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Коопсуздук кеңешинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери,  эл аралык уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул медиакампаниянын максаты – онлайн радикалдашууну алдын алуу жана Кыргызстандын бардык жарандарына киберталаадагы коркунучтар туралуу эскертүү. Башында уюштуруучулар тарабынан аталган медиакампаниянын максаттары жана актуалдуулугу түшүндүрүлүп, интернет аркылуу азгырылып кеткен жарандардын тагдырларын чагылдырган, экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттерин, аларды алдын алуунун жолдорун түшүндүргөн видеороликтер көрсөтүлдү.

Иш-чарада зордук-зомбулук камтылган экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык байланыш тармагындагы алдыңкы эксперттер баяндама жасашып, экстремисттер колдонгон ыкмалар жана стратегиялар, онлайн азгыруулардын кесепеттери жана зордук-зомбулук камтылган экстремизм жана терроризм идеяларынын жайылышын алдын алуудагы жалпыга маалымат каражаттарынын ролу тууралуу кыскача айтып беришти.

1024x683xac431877 b779 4122 a131 4cfba10ff95a.jpg.pagespeed.ic.QXLtMQRLKY Интернет аркылуу радикалдашууну алдын алуу боюнча маселе талкууланды
1024x683x3d4f1c86 92ce 42d9 abf4 44c03bb020f6.jpg.pagespeed.ic.14tc0haOHT Интернет аркылуу радикалдашууну алдын алуу боюнча маселе талкууланды
a8f3f4f1 63cb 4f3b 95a8 95d352510543 Интернет аркылуу радикалдашууну алдын алуу боюнча маселе талкууланды
306109c5 80a5 406e b01b 989afd0f92f3 Интернет аркылуу радикалдашууну алдын алуу боюнча маселе талкууланды