Борбор калаада башкы балатыны орнотуу иши башталды, – сүрөт

Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, балатыны “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери орнотууда.

“Быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотушат. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет”, — деп айтылат маалыматта.

Шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин созулат.

WhatsApp Image 2022 11 28 at 12.49.33 Борбор калаада башкы балатыны орнотуу иши башталды, - сүрөт
WhatsApp Image 2022 11 28 at 12.49.33 1 Борбор калаада башкы балатыны орнотуу иши башталды, - сүрөт