Кызыл-Кыя шаарында коомдук жайларда жана көчөлөрдө кылмыштуулукту алдын алуу аракеттери көрүлүүдө

2022-жылдын 22-24-ноябрь күндөрү Кызыл-Кыя шаарында “Укук тартип” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери шаардын аймагындагы коомдук жайларда жана көчөлөрдө кылмыштуулукту алдын алуу боюнча бир катар иштерди аткарышты. Андан сырткары, мектептерге, лицейлерге барышып, мугалимдердин катышуусу менен окуучулардын арасында сабактарды өтүштү.

WhatsApp Image 2022 11 24 at 13.54.26 2 Кызыл-Кыя шаарында коомдук жайларда жана көчөлөрдө кылмыштуулукту алдын алуу аракеттери көрүлүүдө


Ошондой эле, 13 маршруттук топ түзүлүп, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара учурунда Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 18 протокол толтурулуп, 12 500 сом айып салынды. Анын ичинен 3 протокол соттун кароосуна жиберилди.

WhatsApp Image 2022 11 24 at 13.54.26 Кызыл-Кыя шаарында коомдук жайларда жана көчөлөрдө кылмыштуулукту алдын алуу аракеттери көрүлүүдө
WhatsApp Image 2022 11 24 at 13.54.27 Кызыл-Кыя шаарында коомдук жайларда жана көчөлөрдө кылмыштуулукту алдын алуу аракеттери көрүлүүдө

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы