Дастан Бекешов: Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылыш өтө аша чапкандык

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы мыйзамсыз. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Конституциянын 51-беренесинде жаран жарандуулуктан ажыратылбайт деп жазылып турат. Бирок ага карабай кечээ кыргыз кыргызды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарды. Бул өтө аша чапкандык. Журналист Болот Темировду сот чечими чыга электе милиция кызматкерлери күч менен аэропортко алып барып, Москвага учуруп жиберишти. 

Мен түшүнүп турам, ал иликтөө жүргүзгөн, айрым адамдарга жакпайт. Бирок өчүн сот, укук коргоо органдарын пайдаланып алып жатканы туура эмес. Бул мыйзамсыздык. Мен бир нерсеге таң калуудамын. Коомчулук өзү инфляция болуп, баалар өсүп, өз оокаттары менен алек болуп саясатка көңүл бурбай жатышат. Бирок эл аралык уюмдар бул аракеттери мыйзамсыз деп таанып, ошол эле учурда бизге гранттарды бөлүп беришүүдө. 

Бул маселеге көңүл бөлүү керек. Укук коргоо органдарын ушундай максатта пайдалана берсек Афганистан болуп калабыз, же болуп калдык”, – деп билдирди эл өкүлү.