Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды, – сүрөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Армения Республикасына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы “Звартноц” эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

315845519 3547185482175574 3975093130284527577 n 1024x661 2 Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды, - сүрөт
316105126 3547185335508922 305196112754938002 n 1024x658 1 Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды, - сүрөт
315784131 3547185708842218 2565619614417831043 n 1024x756 1 Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды, - сүрөт