“Өз апасына 90 жолу бычак сайган адамды кошуп…”. Илгиз Шаменов кат жазды

Эң негизги менин кармалгандыгымдын себеби Жетим-Тоого байланыштуу деп ойлойм, себеби Кемпир-Абаддан кийинки кезекте Жетим-Тоо турат». Бул тууралуу убактылуу кармоочу жайда жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов жазды.

«Урматтуу мекендештерим, массалык маалымат каражаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдар, кыйноолорду алдын алуу борбоу, Акыйкатчы — мен негизсиз түрмөдө отурганым аз келгенсип, мага карата айрым СИЗОнун кызматкерлери аркылуу кысым болуп жатат, негизсиз текшерүүлөр, кылган мамилелери, коркутуулар болуп жатат.

Бул боюнча СИЗОнун жетекчилерине бир-нече ирет кайрылдым, жыйынтык жок. Ошондой эле мен жаткан камерага өз апасына 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психологиялык жактан дагы жабыр тарткан адамды кошуп коюшту. Эмне максатта мындай кылып жатышат билбейм? Ошол себептен коомчулукка кайрылып жатам»,- деп жазылат катта.

2022 11 21 11 16 39 676903 "Өз апасына 90 жолу бычак сайган адамды кошуп...". Илгиз Шаменов кат жазды