
2022-жылы кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы UWW уюмунун алдындагы алты турнирге катышып, 5 алтын медалга ээ болгон.
Медет кызы Ислам оюндарында, Азиянын улуулар жана U-23 чемпионаттарында, ошондой эле Болат Турлыхановдун Кубогу жана Ясар Догу боюнча эки рейтингдик турнирде жеңишке жеткен.
Чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында Медет кызы 17-орунду ээледи.
Соңку рейтингде кыргызстандык 31 миң упайга ээ болуп, 9-орунда.

