Режиссёр Темиралы Маймашев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз калкына белгилүү болгон «Туңгуюк», «Карагул ботом» тасмаларынын режиссёру Темиралы Маймашев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ырчы Гүлнур Асанова өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Булак. кж редакциясынын эмгек жамааты режиссёрдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза кайгысын тең бөлүшөт.