Сузакта аталаш ага-ини каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки баланы минип бараткан аты басып калып, алар каза тапты. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя 5-ноябрда саат 16:00 чамасында катталган.

Белгилүү болгондой, Барпы айыл аймагында 2010-жылы туулган жана 2014-жылы туулган балдар ат минип бара жатканда ат тайып жыгылып, балдарды басып калган. Кырсыктын кесепетинен эки бала тең каза тапкан. Алар эки бир туугандын уулдары болушкан.

Каза болгон балдардын аталары соттук-медициналык экспертиза жасатуудан баш тартышты. Бул факты милиция тарабынан каттоого алынды.

News 180298704715263167137016893533960171116 Сузакта аталаш ага-ини каза болду