Россияда баңгизат сатууга шектелип эки кыргыз жараны кармалды

Россиянын Волгоград шаарында кыргызстандык жарандар баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Россиянын ИИМнин сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, бир ай мурда 24 жаштагы эки кыргызстандык жаран Дзержинский районунда батирди ижарага алып, шаардагы райондордо баңгизаттарды белгиленген жерлерге калтырып турушкан.

Алар сатылган баңгизатты бир жерге катып коюшчу. Жигиттерди кармоо учурунда 180 грамм мефедрон табылды. Ошондой эле алардын үйүнөн сатыкка даярдалган 300 граммдан ашуун мефедрон, ошондой эле марихуана табылган.

Кармалган жарандарга баңгизатты мыйзамсыз сатууга аракеттенүү беренеси менен айып тагылды. Алар 15 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.