Кыргызстандык эки тасма Шэньчжэндеги (Кытай) IX эл аралык кинофестивалда «мыкты» тасма деп табылды. Бул тууралуу кинофестивалдын сайтында айтылат.
Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «Мыкты көркөм тасма», ал эми Элдияр Мадакимдин «Сальвадор Дали» тасмасы «Кыска метраждуу мыкты драмалык тасма» наамдарын жеңишкен.