Жапаров менен Атазов кайым айтышты

Бүгүн, 4-ноябрда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Шайлообек Атазов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кайым айтышты.

Атазов Депутат шаардагы жолдордун абалына токтолду.

«Баарын топтоп туруп, бир чоң жол салып, тыгын маселесин чечсе болот. 4 чоң көпүрө бар экен. Кудай сактасын алар кулап, анан кишини басып калганда оңдойбу шаардын бийлиги? Борбор калаадагы көпүрөлөргө көңүл бурасыңарбы?» — деди Атазов.

Ал эми Акылбек Жапаров төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Ош жана Бишкек шаары өзүлөрүнүн бюджеттерин толтурбай жатат. Жергиликтүү бийлик иштебей жатат. Кыймылсыз мүлк, жер салыгын, суунун тарифин жергиликтүү бийликке берип коюптурбуз. Алар акыркы 20 жылдан бери мунун баарын көтөрбөй жатат. Ушул суроонун баарын жергиликтүү кеңештин депуттары менен мэр чечиши керек. Алар чечпесе биз чечебиз. Бирок анда мэрлердин баарын алмаштырышыбыз керек», — деди Жапаров.

Ал эми депутат «жергиликтүү бийлик иштебей жатса биз депутаттар күнөөлүбүзбү?» деген суроо узатты.

Акылбек Жапаров эл өкүлдөрүн күнөөлөбөгөнүн айтып, «кырдаалды колго алган үчүн алдыңарга келип жооп берип жатам» деп жооп берди.