
Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын кармалышы боюнча депутат Тазабек Икрамов пикирин айтты. Аталган журналист менен Икрамов пиар-менеджер катары иштешип келген.
Билдиргенине ылайык, Санрабия Сатыбалдиевага буга чейин эле коркутуу болуп келген. Мындан сырткары «жазганы курч журналисттин айткандары бийликке жакпай калгандыгына байланыштуу ушундай кадамга барып жатса керек»,-деген оюн кошумчалады.
Мындан сырткары Санрабия Сатыбалдиева журналист Баяна Кулованын арызынын негизинде камакка алынганын билдирди.