
Бүгүнкү күндө инспекция тарабынан катуу таштандыларды контейнердик жайлардан чыгаруу графигин бузгандыгы үчүн «Комтранском» ишканасына КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренесинин негизинде жалпы суммасы 390 миң сомдук 30 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди. Белгилей кетсек, ноябрь айынан тарта Октябрь районун «Тазалык» муниципалдык ишканасын тейлей баштаган.

Муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан «Маэстро KG», «Кыргызмедтехника», «Неман фарм» ишканалары тарабынан тазалык эрежелери сакталбаган фактылар аныкталды.
Ал эми Исанов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана Исакеев көчөсүнүн боюндагы бир нече объектиге бир эле учурда “Жаз Строй” ишканасы жооп берет. Жогорудагы адамдардын бардыгына 114-берене боюнча ар бирине 13 миң сомдон протоколдор түзүлдү.