Комитеттин камактагы мүчөлөрү массалык баш аламандыкка чакырган эместигин айтышты, – Акаев

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрү массалык баш аламандыкка чакырган эместигин айтышты. Бул тууралуу 2-ноябрда депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин трт депутат Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынган активисттер менен жолугуп келишкен.

«Алардын баары массалык баш аламандыкка чакыруу болбогонун айтышты. Алар өз пикирлерин айтуу үчүн тынч жолугушууларды гана пландаштырышканын айтышууда.

Бул жерде активист Атай Бейшенбек ал жыйынга катышкан жок, телефон чалган жок, жөн гана фейсбукта билдирүү жазыптыр. Алардын иши шаардык сотто адилеттүү каралышы керек. Саясий кырдаалды курчутпаш үчүн баарын бошотушубуз керек же болбосо Конституцияга экиден ашык адам чогула албайт деп жазып коелу», — деди Жанар Акаев.