Кара-Кулжа милициясынын кызматкерлери пара менен кармалды

Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш ишти оң жака чечип берем деп 120 миң сом талап кылган Кара-Кулжа РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн А.у.А. жана А.Ж.А аттуу кызматкерлери 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда кармалгандар УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.