Жалал-Абадда 200 жылдык мечиттин ордуна жаңысы салынууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1825-жылы салынган мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит курулууда. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат караганда, тарыхый мечит Базар-Коргон шаарынын Дамлажанов көчөсүндө жайгашкан болчу.

«Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жаңыланып курулуп жаткан мечиттин курулушунан жеринен кабар алды. Облус казысы баштан-аяк түптөлүп жаткан курулуштун сапатына көңүл буруп, сыйынуучу жайдын талапка ылайык бүткөрүлүшү боюнча тапшырма берди.150 адамга ылайыкташкан мечиттин курулушу арабиялык ишкерлердин колдоосу жана жергиликтүү тургундардын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө», — деп билдирет муфтият.

Курулуш иштери дээрлик аяктап калган. Мечит бир ай ичинде пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

«Эске салсак, буга чейин пайдаланылып келген мечиттин эскилиги жетип, жарандар үчүн кооптуулук жарата баштаган болчу», — деп билдирет муфтият.