Бул тууралуу Фейсбукта маалыматтар тарап жатат.
Жарандык активист Семетей Талас уулун Ички иштер министрлигинин кызматкерлери алып кетишкен. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлаган болчу.
Анын айтымында, ага Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келип, эч кандай түшүндүрмөсүз Тергөө башкармалыгына алып кетишкен.