Түштүк Кореяга дагы 48 жаран иштөөгө кетти

Кыргызстандын 48 жараны Түштүк Кореяга иштөө үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы 450дөн ашык келишим кабыл алынган. Азыр биринчи топ кетип жатат. Калганы кийинки этап менен жөнөтүлөт. Быйыл Корея Республикасына 600дөн ашык жаран иштөөгө учуп кеткен. Бул үчүн Бишкек-Инчхон каттамы боюнча чартердик рейс уюштурулган.

EPS программасынын алкагында 15 жылдан бери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Корея Республикасынын ишканаларында Кыргызстандын жарандарын иш менен камсыз кылууда жана ийгиликтүү иш алып барууда. Меморандумду ишке ашыруу мезгилинде 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту.