ТИМ: Түштүк Кореядагы суу ташкындан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Түштүк Кореядагы суу ташкындын кесепетинен каза болгондордун саны 39 адамга жетти. Бул тууралуу ABC News басылмасы билдирди.

Өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактарындагы жаан июнь айынын аягында жаап баштаган. Акыркы бир нече күндөн бери жалпысынан 8,8 миң адам эвакуацияланды. Чхонжу шаарындагы борбордук туннелде 12 адамдын өмүрү кыйылып, 9 адам жабыркады. Бул жерге жакын аймакта дарыядагы дамба бузулуп, 16 чакты автоунаа сууда калган.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги 9 адам дайынсыз жоголгонун, дагы 34 адам ар кандай жаракат алганын билдирди. Мындан тышкары 50дөн ашык жол, 100 чакты турак жай талкаланган.