Каркырада үч мамлекеттик ишмердин мааракелери белгиленди

Түп районунун Каркыра жайлоосунда 15-16-июль күндөрү «Каркыра-Тринити» этно-бизнес фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, фестивалдын алкагында Балбай баатырдын 230 жылдыгы, мамлекеттик ишмерлер Казы Дикамбаев жана тарыхчы, академик Курман-Гали Каракеевдин 110 жылдык мааракелери белгиленди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, коомдук ишмерлер, мааракелери өткөрүлгөн мамлекеттик ишмерлердин урпактары, район жетекчилиги, Түп районунун тургундары, республиканын бардык аймактарынан келген меймандар жана чет элдик туристтер катышты.

Фестиваль эки күнгө созулуп, биринчи күнү боз үй, кол эмгек, улуттук тамак-аш боюнча сынактар, жергиликтүү ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү өтүп, иш-чара улуттук спорттук оюндар, «Манас» айтуу, театрлаштырылган сахна жана концерттик программа болду.

Андан сырткары инвестициялык бизнес форум болуп, анда негизинен Орусиядан келген ишкерлер Түп районуна туристтик багытка басым жасалаарын талкуулашты.

359812288 581377877514999 3265014537339404208 n 1200x630 1 Каркырада үч мамлекеттик ишмердин мааракелери белгиленди
359830364 581378240848296 1295866642465238065 n 1 Каркырада үч мамлекеттик ишмердин мааракелери белгиленди