Бишкектеги “Чынар” соода борборунда бомба коюлган

Бишкекте «Чынар» ГУМунан адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Имаратка жардыруучу зат коюлган деген маалымат милицияга саат 10:50дө түшкөн.

Окуя болгон жерден тергөө-ыкчам тобу чыгып, аймакты курчоого алышкан.