Кореяда каза болгон 151 адамдын арасында кыргыз жарандары жок

Кореянын борбору Сеулдун Итэвон районундагы тыгылышта каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Йонгсан районунун полициясы билдиргенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Акыркы маалыматтар боюнча, 30-октябрга караган түнү Хэллоуинди майрамдоо учурунда «Хэмилтон» мейманканасынын жанында болгон тыгылышта 151 адам каза болуп, 82 киши жабыркаган. Каза болгондордун 19у чет элдик экени кабарланды.

Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин түз байланыш номери: +82 10-6891-2707 (WhatsApp).