Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүн майрамдоо алдында, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Каракол шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Ачык эшик» иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чаранын негизги максаты болуп, ички иштер органдарынын кызматын даӊазалоо, милиция кызматынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу жана милиционерлердин иши жөнүндө так кабарды берүү, ошондой эле Ички иштер министрлигинин окуу жайлары боюнча маалыматтарды таратуу.
Шаардагы орто билим берүүчү мектептердин 100гө жакын окуучусу туристтик-экологиялык милициянын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун, коомдук коопсуздук кызматынын, ыкчам жана тергөө кызматтарынын кызматкерлери менен таанышып, алар балдарга милициядагы кызматтын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти. Укук бузуучуларды жана кылмышкерлерди кармоо үчүн милиция кызматкерлери колдонгон күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын көрсөтүү окуучулар арасында чоң кызыгууну жаратты. Атайын багыттагы отряддын жоокерлери мектеп окуучуларына милициянын куралдануусунда турган курал-жарактарды, атайын каражаттарды, шаймандардын жана буюмдарын көрсөтүп беришти.
Андан соң балдарга Ысык-Көл ОИИБдин начальнигинин орун басарлары Арсен Самаев жана Акылбек Бекишев кайрылышты. Өз сөзүндө алар чогулгандарга жана алардын мугалимдерине активдүү жашоо позициясы бар татыктуу жаш жарандарды тарбиялагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ИИОнун кызматкерлеринин ишинин келечеги жөнүндө айтып беришти.
“Сиздер кесип тандоо алдында турасыздар. Эгерде милициянын кесибин тандап калсаӊыздар, анда сиздерди кызматтык өсүү келечеги, туруктуу эмгек акы жана мамлекеттик кепилдиктер менен корголгон кызыктуу жана өтө жоопкерчиликтүү кызматка орношууга, ошондой эле жогорку юридикалык билимди акысыз алууга мүмкүнчүлүк аласыздар”, – деп, баса белгиледи Акылбек Бекишев.