Быйыл өлкөдө электр энергиясына атайын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.
Депутат Руслан Жакышев былтыр кышта электр тогун үнөмдөө үчүн чоң трассаларда, объектилерде жарык өчүрүлгөнүн эске салып, “быйыл мындай кайталанбайбы?” деп сурады.
“Жок, биздин милдет калкты кыштан жылуулук, жарык менен алып чыгуу. Эми үнөмдөгөн мамлекет эле бай болот. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, унаа жуучу жайларда, ресторандарда күндүз эле жарыгы күйүп турат. Анан күндүз үнөмдөгүлө деп суранып атабыз. Ал эми түнкү мезгилде чектөө жок”, — деди министр.
Ошондой эле ал быйыл жазда Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 7,9 миллиард куб метрге чейин түшкөнүн, ал эми бул сезондон 1-апрелге 9,2 миллиард куб метр менен чыгуу пландалганын белгиледи.
“Сууну топтобосок коллапс боло берет. Бүгүнкү күндө жылдык керектөө 16,2 миллиард киловатт саат болууда. 3 миллиард киловатт саат дефицит бар. Быйыл 1,5 миллиард куб метр көбүрөөк суубуз бар, анын үстүнө дагы 400 тонна көмүр алдык. Атайын өчүрүүлөргө барбайбыз деген ойдомун”, — деди Ибраев.