Фактчек: Кыргыздар тажик автоунааларына таш ыргытышты, – деген кеп – фейк                

21-октябрь күнү тажиктердин «Tajikistan News» телеграм-каналында ошол күнү Кыргызстандын жарандары тажикстандыктардын автоунааларын таш менен ургулаганы тууралуу маалымат чыккан.

“Биздин катталуучуларыбыздын бири, Ворухтун тургуну бүгүн Москва сааты боюнча 11:00 чамасында кыргыздар таш менен тажик унааларын ургулуп, зыян тийгизгенин айтты. Жабыр тарткандар тууралуу азырынча маалымат жок. Учурда кырдаал тынч, жабыркаган автоунааларды алып кетишти, окуя болгон жерге эки тараптын аскерлери чогулушту. Бул тууралуу катталуучубуз айтты”, – деп берилет тажиктердин телеграм каналында жазылган маалыматта.

image 17 1 1 <strong>Фактчек: Кыргыздар тажик автоунааларына таш ыргытышты, - деген кеп – фейк                </strong>

Бирок, жогорудагы текстте окуя болгон жер жана жабыр тарткан автоунаалардын сүрөт, видеолору көрсөтүлгөн эмес. Ал унааларды каякка, эмне үчүн алып кеткени тууралуу да жазылган эмес.

Белгисиз автор келтирген жалгыз “далил” алыс аралыкта номурсуз турган, эч кандай талкаланбаган, жайгашкан жери белгиленбеген жалгыз автоунаанын сүрөтү. Бул сүрөттү окурман жөнөткөн каттын скриншоту деп эч кандай далилсиз эле жайгаштырышкан.

image 15 1 1 <strong>Фактчек: Кыргыздар тажик автоунааларына таш ыргытышты, - деген кеп – фейк                </strong>

Bulak.kg редакциясы эки өлкөнүн тең Чек ара кызматы 21-октябрь күнү жарыялаган маалыматтарын карап чыгып, бул инцидент тууралуу эч нерсе тапкан жок.

Ошол күнү КР Чек ара кызматынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы кандайдыр бир окуя тууралуу эч кандай маалымат жарыяланган эмес. Ошондой эле, тажик тарабынан да бул тууралуу эч бир расмий маалымат берлиген эмес.

Андан сырткары Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан да бул тууралуу эч кандай маалымат жайгаштырылган эмес. Тажик, кыргыз жана эл аралык белгилүү ММКларда аталган окуя тууралуу жазылбаганын көрсөк болот.

Жыйынтык: Фейк.Тажиктердин телеграм-каналдарындагы кыргызстандыктар тажик автоунааларын таш менен ургулаганы тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт.