“Эркек бололу, аялдарды разборкага аралаштырбайлы!”, – Кулов

Экс-премьер-министр Феликс Кулов 23-октябрдагы саясатчылар менен жарандык активисттердин кармалышы боюнча комментарий берди.

Кулов буга чейин Клара Сооронкулованы издөө боюнча документтер менен таанышканын жана Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин Кемпир-Абадды сактап калуу комитети түзүлгөндөн кийин тинтүү жана кармоо иштери башталгандыгы тууралуу билдирүүсү менен таанышканын белгиледи.

«Ачыгын айтсам, бул комитеттин мүчөлөрүнүн баары эле мага жага бербейт, мен алардын айрымдарын нааразылык толкунунда өздөрүнүн кызыкчылыктарын чечүүгө аракет кылган ачык популисттер деп эсептейм. Атын атабай эле коёюн, анткени мен алардын доо арыздарына жооп берүү үчүн убакытымды текке кетиргим келбейт. Бирок, бул адамдардын массалык баш аламандыктарды даярдоого байланышкан кылмышты жасоо жөндөмдүүлүгүнө ишенбейм. Алардын айрымдары тилин башкара албай сүйлөй берүүгө эле жөндөмдүү», – деди ал.

Кулов Клара Сооронкулова эч качан мыйзамсыз иш кылбасына кепилдик бере алаарын белгиледи.

«Менде аны менен саясий пикир келишпестиктер Конституциялык соттун мүчөсү болуп туруп, анын чечими жарыяланганга чейин өз пикирин билдиргенден кийин келип чыккан, мыйзам боюнча бул жол берилгис нерсе жана албетте анын кийин ээлеген кызматынан бошотулушуна алып келди. Бул парламенттин жыйынында кабыл алынган, мен парламенттик көпчүлүктүн коалициясынын төрагасы катары анын кызматтан алынышын колдогом. Бирок ал эч качан жекелешүүгө жол берген эмес, ар дайым мыйзамдын негизинде өз позициясын талашчу. Ал башаламандык, өрттөө жана башка антисоциалдык акциялар менен коштолушу мүмкүн болгон зордук-зомбулук акцияларын даярдап жатат деп шектенүү өтө акылсыздык.», – деп эскерет экс – Жогорку Кеңештин премьер-министри жана экс-депутаты Феликс Кулов. 

Феликс Кулов Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын кармалышы боюнча да пикирин билдирип: “Эркек бололу, аялдарды разборкага аралаштырбайлы!”, – деди.

Андан ары, саясатчы өз комментарийинде, кандай гана революция болбосун – азыркы дүйнөлүк кризистин, татаал геосаясий кырдаалдын шартында төңкөрүш, анын ою боюнча, өлкөбүздүн талкаланышына, мамлекеттүүлүгүбүздүн жоголушуна, элдин толук жакырданышына алып келерин баса белгилеп, бийликтин бардык алмашуу процесстери цивилизациялуу түрдө Конституцияга ылайык өтүшү керектигин билдирди.

«Башка жол жок жана болушу мүмкүн эмес, мен ар кандай төңкөрүштөрдү чакыргандарга биринчилерден болуп каршы чыгам. Анын үстүнө, айрым оппозиционерлерге терең урмат-сый менен, бирок саясатты бир аз билип, элдин маанайын билгендиктен, мен ишенимдүү түрдө айтам: бүгүн алар үчүн эч ким баррикадага барбайт», – деди ал.

Кулов саясатчылардын жана активисттердин аракеттерине мынчалык маани берип, аларга Кылмыш-жаза кодексинин массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы үчүн жоопкерчиликти караган беренесин чаптоого аракет кылуунун кереги жок экенине ишенет.

“Бул ачык эле аша чаап кеткендик. Акыркы убактарды эстеп көрөлү. Көптөгөн тарапташтары колдоо көрсөткөнү менен Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бийликти басып ала албай, камакка алынган. Бирок, акыры адилетсиз, мыйзамсыз куугунтуктар элдин кызыгуусун жаратып, алардын аброю мындан дагы жогорулаган. Бул сабактарды эстеп гана тим болбостон, туура жыйынтык чыгарыш керек», – деп кошумчалады экс-премьер.