Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге оппозициянын кереги жок экен, – Мамыркулова

20-октябрда президенттин катышуусунда “Кемпир Абад” маселеси талкууланды. Аталган жыйынга журналист Канышай Мамыркулова да катышканын жана жыйын көпкө созулганын билдирди. 

“Мен абдан таң калдым. Себеби мамлекет башында турган саясатчылар ойду-тоону чаргытып сүйлөсө, анда мен  кол алдындагы кызматкерлер жөнүндө бир нерсе дей албайм. Алар жыйында чек ара тууралуу гана сүйлөбөй, геосаясатка кирип кетип жатышты, талкууланып жаткан маселеге тиешеси жок сөздөр айтылып жатты. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге оппозициянын кереги жок экен, батек, байпагына чейин өздөрү айта берет экен””, – дейт Канышай Мамыркулова.