Бекназаров кайрылуу жасады

Мурдагы элчи, саясатчы Азимбек Бекназаров соцтармак аркылуу билдирүү таратып, Кыргызстандын эли беш идеянын алдында биригиши керек деген пикрин айтты.

“Биринчиси – Кемпир-Абад суу сактагычы, экинчиси – Баткенде чек ара маселеси, үчүнчүсү – кен байлыктарды алуу, төртүнчүсү — өз оюн айткан журналист, саясатчыларды, активисттерди куугунтукттоону токтотуу, бешинчиси – эки достун ишине баа берүү маселеси боюнча жалпы эл биригиши керек”, — дейт Бекназаров.