10 жаштагы Дарина Усенова Стартаптар жана санарип демилгелер сынагынын эң жаш жеңүүчүсү болду

5-класстын окуучусу — 10 жаштагы Дарина Усенова Кыргызстандагы стартаптар жана санарип демилгелер сынагынын эң жаш жеңүүчүсү болду. Ал Кыргызстандын Кызыл китебинин мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу үчүн Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «DigiKonush” долбоорунан 4,5 миң евро алат.

Тандоонун финалы 28-сентябрда Бишкекте Европа Биримдигинин  «Digikonush – Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында өттү.  Жыйынтыктоочу питчингге Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын пилоттук муниципалитеттерине багытталган 25 долбоор катышты.

Жалпысынан сынакка 60ка чукул өтүнмөлөр келип түшкөн. Натыйжада, гранттык каржылоо сертификаттарына 13 команда ээ болуп, алардын катарына Ысык-Көл облусунан 10 жаштагы Дарина Усенова да кирди.

xskrinshot 21 10 2022 160314.jpg.pagespeed.ic .pwcXaQ5mG7 10 жаштагы Дарина Усенова Стартаптар жана санарип демилгелер сынагынын эң жаш жеңүүчүсү болду

Жаш жеткинчектин жашоосун аңчылыкта өлтүрүлгөн жаныбар өзгөрткөн.

Даринанын долбоору кокустан пайда болгон эмес. Окуучу кыздын айтымында, “Кыргызстандын Кызыл китеби” мобилдүү тиркемесинин жаралышына анын жашоосундагы бир окуя түрткү болгон.

 “Бир жолу атам аң-улоодо өлтүрүлгөн жаныбардын этин алып келиптир. Кайсыныкы экенин так айта албайм. Бирок менин ага боорум ооруп, этти жебей койгом. Ошондон тартып жаныбарларды коргоого умтулуум пайда болуп, адамдарга дагы мунун зарылчылыгы жөнүндө айткым келди”, — дейт Дарина.

Буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоо долбоор чынында керектүү экенин ачыктаган, анткени көпчүлүк жергиликтүү жашоочулардын өлкөнүн Кызыл китебине кирген жаныбарлар тууралуу кабары аз болчу.

«Бардыгы көбүнчө ак илбирс же тоо кулжа тууралуу гана билишет экен. Ал эми тиркемеге сейрек кездешүүчү жаныбарлардын 8 түрү киргизилген: кулжа, кызыл карышкыр, ак илбирс, күрөң аюу жана башкалар. Тиркемени иштеп чыгууга апам жана мугалимдер жардам беришти. Дагы эки курбум – Жаннат менен Бегайым сурамжылоо түзүштү. Алар 13 жашта”, — дейт Дарина.

2022 10 21 14 52 30 672755 10 жаштагы Дарина Усенова Стартаптар жана санарип демилгелер сынагынын эң жаш жеңүүчүсү болду