Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге эмне үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамынан ажырата албастыгын мэрия түшүндүрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды.
Парламентарийдин айтымында, 2022-жылдын 29-сентябрында шаардык кеңеш Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамын алып салууга жол берген токтомдоруна өзгөртүүлөрдү кабыл алган.
«Ошого карабастан, Бишкек шаардык кеңеши мага Эмомали Рахмондон наамды алып салуу механизмдери азырынча иштелип чыга элек деген жооп жөнөттү», – деди ал.