Коргоо министри SAARA-02 учкучсуз аппараты боюнча түшүндүрмө берди

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдон журналисттер интернетке тараган SAARA-02 тууралуу сурашты. Министр учкучсуз аппараттын Кыргызстанда куралганын тастыктабай турганын, ошол эле учурда четке да какпай турганын айтты.

“Учкучсуз аппараттар — кандайдыр бир коркунучтуу технология эмес. Азыр аларды каалаган жерде, кааласа жер төлөдө да курап жатышат. Бизде акылдуу жаштар бар, мен буга ынандым. Кайсы бир жерде курап жатышкан чыгар… Аны бардык жерде жасашат. Мен маалыматты тастыктабайм дагы, четке да какпайм”, — деп жооп берди Бекболотов.

Буга чейин интернет тармагына SAARA-02 деген аталыштагы учкучсуз учактын видеосу тараган. Анын өлкөдө чыгарылгандыгы айтылып жаткан.