АКШ Кыргызстанга 1,5 миллион доллар бөлөт

АКШ Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн 1,5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, бул каражат Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы кампаларды жана логистикалык борборлорду жакшыртууга жумшалып, негизги айыл чарба азыктарынын коромжу болушуна жол бербөө үчүн жумшалат. Бул жаңы жумуш орундарын жана жашылча-жемиштер үчүн базарларды түзөт.
 
Ошондой эле каражат беш жашка чейинки балдардын жана жаш энелердин тамактануусун жакшыртууга жумшалат.
 
USAID президент Джо Байден Германияда өткөн G7 лидерлеринин саммитинде дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн 2,76 миллиард доллар бөлүнөрүн жарыялаганын эске салды.