Баткенге жардам катары 320 млн сомдон ашуун каражат чогулду

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 320 млн 60 миң 289 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, учурда жабыркагандарга аталган суммадан 200 миң сом бөлүндү. Ошондой эле чек арага чектеш аймактарга жалпысынан 13 миң 870 тонна көмүр түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.