Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулатуу иштери жүрөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кооптуу таштарды түшүрүү иштери бүгүн, 17-октябрда башталып, 21-октябрга чейин уланат.

«ЖКККББ кызматкерлери жолдун жарымын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жаап турат. Ал эми транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо аларды өткөрүүгө уруксат берилет», — деп айтылат маалыматта.